20-июлдан тарта Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылат
Новость

Бишкек шаарында 2026-жылдын 20-июлунан тартып Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши бардык транспорт каражаттары үчүн убактылуу толугу менен жабылат.

Чектөө жаңы транспорттук түйүн жана көпүрөнү куруу долбоорунун экинчи этабынын алкагында киргизилүүдө.

Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабында Бакаев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү пайдаланууга берилген.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча айланма жолдорду пайдаланууга чакырат.