"Жаш жубайлардын бак отургузуусу" долбоору уланууда
Новость

Бишкек шаарында "Бишкек жашыл курулуш"  муниципалдык ишканасы менен GREEN AIR компаниясынын демилгеси аркылуу ишке ашырылып жаткан "Жаш жубайлардын бак отургузуусу" аттуу экологиялык жана социалдык долбоор уланууда.

Долбоордун алкагында жаңы үйлөнгөн экинчи жаш түгөй "Адинай" паркына ясень көчөтүн отургузуп, борбор калааны жашылдандырууга өз салымын кошту.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, жаш жубайларды куттуктады. Ал аларга үй-бүлөлүк бакыт, ынтымак, бакубат жашоо жана узак өмүр каалады.

Шаар башчысы мындай демилгелер үй-бүлөлүк баалуулуктарды айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчилик менен айкалыштырып, жарандардын экологиялык маданиятын калыптандырууга жана шаардын жашыл келечегине салым кошууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Долбоордун алкагында отургузулган ясень көчөтү жаңы үй-бүлөнүн түптөлүшүнүн, сүйүүнүн, биримдиктин жана келечек муундардын алдындагы жоопкерчиликтин символу болуп саналат. Демилге жаш жубайлардын үй-бүлөлүк жашоосундагы маанилүү күндү эсте каларлык окуяга айлантуу менен бирге борбор калаанын жашыл аймагын кеңейтүүгө да салым кошууда.