Ат-Башы районунда катталган сел кырсыгынан жабыр тарткан жарандарга ар тараптуу жардамдар берилет. Райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия келтирилген зыянга баа берүү менен жабыр тарткан жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү чараларды ишке ашырууда.
Кеңешмеде жардам көрсөтүүнүн комплекстүү механизмдери талкууланып, бал аарычылык, дыйканчылык менен алектенген, техникалары селде калган жарандарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу тапшырылды. Ошондой эле быйылкы жылга ижара акыларынан жана мыйзамда каралган башка төлөмдөрдөн бошотуу, жеңилдетилген насыяларды берүү, алынган насыялардын төлөө мөөнөттөрүн узартуу, азык-түлүк жана башка гуманитардык жардамдарды уюштуруу, селден улам алынбай калган түшүмдөрдүн ордун толтуруу сыяктуу колдоо көрсөтүү чечимдери кабыл алынды.
12-июлда катуу жааган жаандан улам коктулардан түшкөн сел суулары Орто Кайыңды сайынан ашып, бал кармаган ишкердин 80 бал челегин, бир контейнерди, эки атты жана бир унааны агызып кеткен.