Мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы уланууда: 121 миңден ашуун бала катталды
Новость

КР Агартуу министрлиги балдарды 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы уланып жатканын маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул этапта ата-энелер жашаган жерине карабастан, бош орундар бар каалаган мектепти тандап, баласын каттай алышат.

Учурда электрондук каттоонун экинчи этабында 121 миңден ашуун бала каттоодон өттү. Ал эми быйылкы окуу жылы үчүн жалпы 193 318 квота каралган.

Өтүнмөлөрдү төмөнкү платформалар аркылуу онлайн тапшырууга болот:

  • 1mektep.edu.gov.kg сайты; 
  • "Түндүк", MegaPay жана башка банктык мобилдик тиркемелер. 

Белгилей кетсек, 2026–2027-окуу жылы үчүн 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынууда.