Ысык-Көл: "Дария" теплоходуна 23 миң сом айып пул салынды
Новость

2026-жылдын 12-июлунда социалдык тармактарда Ысык-Көлдө коюу кара түтүн чыгарып бара жаткан "Дария" теплоходу тууралуу видео тарагандан кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында видеоматериал изилденип, "Дария" теплоходун эксплуатациялоо учурунда атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын курамы белгиленген ченемден ашкандыгынын белгилери аныкталды.

Мыйзам талаптарын бузуу менен теплоходду пайдалануу фактысы тастыкталгандыктан, күнөөлүү тарапка карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлүп, кароонун жыйынтыгында 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Ошондой эле теплоходдун ээси (өкүлү) менен жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда теплоходго жеринде жүргүзүлгөн кошумча кароодо атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын курамы белгиленген ченемден ашкандыгы аныкталган жок.