Россия Федерациясынын Уфа шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын ишмердүүлүгүнө кардарга багытталган принциптерди киргизүү боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.
Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын салык органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар салык органдарынын ишине кардарга багытталган ыкмаларды киргизүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, санариптик сервистерди өнүктүрүү, жасалма интеллект технологияларын колдонуу, салык төлөөчүлөр менен кайтарым байланыш механизмдерин өркүндөтүү жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн салык органдарынын кызматкерлери үчүн кардарга багытталган маданиятты калыптандырууга багытталган биргелешкен окутуу программасын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргызстандын өкүлдөрү салык төлөөчүлөр менен кайтарым байланышты уюштуруу системасы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн "Бирдиктүү терезе" тейлөө борборлорунда видеобайкоону колдонуу, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын кардарга багытталган ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык документтеринин аткарылышы тууралуу маалымат беришти.
Белгилей кетсек, аталган жумушчу топ 2022-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин алкагында түзүлгөн. Анын негизги максаты – салыктык башкаруудагы мыкты тажрыйбаларды жайылтуу, кардарга багытталган мамилени өнүктүрүү жана салык органдары менен салык төлөөчүлөрдүн өз ара кызматташуусун жакшыртуу болуп саналат.


