Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Венгриядагы рейтингдик мелдешке катышат
Новость

16–20-июль күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык рейтингдик мелдеш өтөт. Ага Кыргызстандын улуттук курама командасы катышат.

Мелдеште өлкө намысын төмөнкү балбандар коргойт:

  • Жоламан Шаршенбеков – 60 кг чейин; 
  • Автандил Таалайбек уулу – 63 кг чейин; 
  • Раззак Бейшекеев – 72 кг чейин; 
  • Алибек Бердиев – 77 кг чейин; 
  • Акжол Махмудов – 82 кг чейин; 
  • Ырыскелди Максатбек уулу – 82 кг чейин; 
  • Асан Жанышев – 87 кг чейин; 
  • Узур Жусупбеков – 97 кг чейин; 
  • Нурболот Токтогонов – 130 кг чейин; 
  • Эрлан Манатбеков – 130 кг чейин. 

Кыргызстандык балбандарды мелдешке улук машыктыруучу Арсен Эралиев жана башкы машыктыруучу Улук Карачолоков жетектейт.

Эл аралык рейтингдик мелдеш балбандар үчүн дүйнөлүк аренадагы тажрыйбасын арттырып, рейтингдик упайларды топтоого маанилүү мүмкүнчүлүк берет.