Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды ишке орноштурууга, кесиптик окутууга жана ылайыктуу жумуш табууга көмөк көрсөтүүнү улантууда. 2026-жылдын башынан бери аймактык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтары аркылуу 7 106 жумушсуз жаран ишке орноштурулду.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүндө 60 585 жумушсуз жана жумуш издеген жаран каттоодо турат. Алардын 34 317си жаштар болсо, 37 886 адамга расмий жумушсуз макамы берилген.
2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 16 106 бош жумуш орду сунушталган. Алардын басымдуу бөлүгүн жумушчу кесиптер түзөт. Учурда өлкө боюнча 8 450 бош жумуш орду жеткиликтүү.
Жарандардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 3 451 жумушсуз жаран кесиптик окутууга, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жөнөтүлгөн. Окутуулар ашпозчу, тигүүчү, 1С программасын билген бухгалтер, чач тарач, автоэлектрик, компьютер оңдоо боюнча адис, электр-газ ширетүүчү, сантехник, косметолог, массажист, дизайнер жана башка суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча жүргүзүлгөн.
Убактылуу иш менен камсыз кылуу программасынын алкагында 9 669 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартылып, убактылуу киреше табууга жана эмгек көндүмдөрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Ошондой эле жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 551 жаран кайрылып, алардын 52 807си ишке орношуу, эмгек мыйзамдары, кесиптик окутуу жана кесип тандоо боюнча кеңеш алышкан.
Министрлик мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтары жарандарга жашаган жери боюнча акысыз көрсөтүлөрүн эске салды. Жарандар жумушсуз катары каттоого туруп, бош жумуш орундарын тандоодо жардам алып, кесиптик окуудан өтүп, акы төлөнүүчү коомдук иштерге катыша алышат. Мындан тышкары, алар "Жаштардын стажировкасы" программасынан да пайдалана алышат.