Нарында мыйзамсыз балык уулаган чет элдик жарандар кармалышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда министрликтин Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору социалдык тармактарда Ат-Башы районунун Арпа өрөөнүндө чет элдик жарандар тарабынан мыйзамсыз балык уулоо фактысы боюнча тиешелүү иш чараларды өткөрүштү.
Кийинчерээк балык уулоонун эрежелерин сактабаган, мыйзамсыз балык уулоого катыштыгы бар чет элдик жарандардын өздүгү аныкталып, укук коргоо органдары тарабынан кармалышкан.