14-июль күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол жаратылыш паркындагы Аю-Төр капчыгайында тоо этектеринен 2 тилкеден таш-топурак түшкөн. Кесепетинен Каракол суусунун нугу бурулуп, нички чарбалык жолду суу жууп кеткен.
Натыйжада каттам үзгүлтүккө учурап, капчыгайдын жогору жагында болжол менен 40 турист, 35 жергиликтүү тургун жана 8 унаа калган.
Аталган аймакта түнөп калуу үчүн база жайгашкандыктан жарандар базада калышкан. Жабыркагандар жок.
Жерине Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.
15-июль күнү Ак-Суу райондук Жарандык коргону кызматтарынан жана жергиликтүү бийлик тарабынан техника тартылып, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.