2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин саат 09:00дөн 19:00гө чейин, абанын күндүзгү температурасы +28°C жана андан жогору болгон учурда, Бишкек шаарынын муниципалдык автомобиль жолдорунда жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Бул чаралар жол катмарын ысык аба ырайында бузулуудан сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Мэрия айдоочуларды жана транспорттук компанияларды каттамдарды алдын ала пландап, коюлган талаптарды так сактоого чакырат. Ошондой эле мүмкүнчүлүккө жараша күндүн эң ысык маалында оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай туруу сунушталат.