Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жер алдындагы өтмөктө жайгашкан "Олд Бишкек" соода комплексинин ишин токтотуп, объектти жабуу боюнча чечим кабыл алды. Бул чечим көчмө жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жер алдындагы өтмөк азырынча техникалык режимде гана иштеп, расмий түрдө пайдаланууга берилген эмес. Ошого карабастан, соода жайлары өз ишин баштап кеткен.
Шаар башчысы муниципалитет бул долбоорду шаардык инфраструктураны жакшыртуу шарты менен колдогонун белгилеп, ишкер тарап өз милдеттенмелерин толук аткарбай жатканын айтты.
"Биз баарыбыз шаарды өнүктүрүү үчүн иштеп жатабыз. Учурунда муниципалитет бул долбоорду шаардык инфраструктураны жаңылоо шарты менен колдогон. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизнес өз милдеттенмелерин жарым-жартылай гана аткарып жатат", – деди Айбек Жунушалиев.
Мэрия белгилегендей, объект тиешелүү талаптарга жооп берип, расмий пайдаланууга берилгенге чейин "Олд Бишкек" соода комплексинин иши токтотулат.
