2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда жаңы төрөлгөн 67 468 балага "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү дайындалды. Бул үчүн республикалык бюджеттен 271 млн 34 миң сом каражат багытталды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 65 967 балага аталган төлөм дайындалган.
"Балага сүйүнчү"- мамлекет тарабынан үй-бүлөлөрдү колдоо максатында бала төрөлгөндө берилүүчү бир жолку социалдык төлөм. Ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.