11 миңден ашык аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөндү
Новость

2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда 11 931 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындалып, төлөмдөр жүргүзүлдү. Бул максатта республикалык бюджеттен 270,3 млн сом каражат бөлүндү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде аталган жөлөкпулду 13 843 аял алган. Аларга төлөм жүргүзүүгө 298,9 млн сом багытталган.

Министрлик белгилегендей, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жана тартипке ылайык, аны алууга укуктуу бардык аялдарга республикалык бюджеттин эсебинен толук көлөмдө төлөнөт.