Коррупция тууралуу билдирүү эми тиркеме аркылуу жөнөтүлөт
Новость

Жарандар коррупция фактылары жана башка укук бузуулар тууралуу маалыматтарды эми атайын кызмат аркылуу онлайн жөнөтө алышат.

Башкы прокуратура билдиргендей, тиркемеде "Коррупция жөнүндө билдирүү" аттуу жаңы кызмат ишке кирди. Анын жардамы менен колдонуучулар электрондук форманы толтуруп, кайрылууларын түз жөнөтө алышат.

Кайрылуулар Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине багытталат.

Ошондой эле жарандар билдирүүгө тиешелүү далил материалдарын - сүрөт, документ же башка файлдарды тиркөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жаңы кызмат коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана аларга ыкчам чара көрүү максатында ишке киргизилди.