Кыргызстан менен Өзбекстан агрардык тармактагы кызматташтыкты кеңейтет
Новость

КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Кахрамон Анварджанович Юлдашев менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан - Өзбекстан  агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн тармактык ведомстволорунун ортосундагы практикалык кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар күрүч өстүрүү, үрөнчүлүк, картошка өстүрүү жана мал чарбачылыгы багыттарындагы кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун биргелешип сыноо, селекциялык жетишкендиктер жана үрөн материалдары менен алмашуу, айыл чарба продукцияларын өз ара жеткирүү, заманбап технологияларды жайылтуу, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн илимий мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын практикалык деңгээлде ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты. Алар агрардык тармактагы биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди жүзөгө ашыруу, тажрыйба алмашууну кеңейтүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана эки өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча макулдашышты.