Нарын мамлекеттик жаратылыш коругундагы бугу-марал питомнигинин аймагына кошумча 32 гектар жер тосулуп, корголгон аймактын жалпы көлөмү 82 гектарга жетти. Ал эми коруктун жалпы аянты 112 363,5 гектарды түзөт.
Корукта сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1 жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү кездешет. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген илбирс, сүлөөсүн, Тянь-Шань күрөң аюусу, бугу-марал, аркар-кулжа, ошондой эле бүркүт, ителги, кумай, шумкар, чоң үкү жана башка сейрек кездешүүчү канаттуулар бар.
Коруктун аймагында 500дөн ашык өсүмдүк түрү өсөт. Алардын катарында алтын тамыр, ак кодол, аркар оту, уу коргошун, мамыры жана көкөмерен сыяктуу дары өсүмдүктөрү кездешет.
Белгилей кетсек, питомникте өстүрүлгөн бугу-маралдар 2018-жылы алгачкы жолу Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына 9 баш өткөрүлүп берилип, бул сейрек кездешүүчү жаныбарды көбөйтүү жана кайра жайылтуу боюнча иштер улантылып келет.
