Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, Кытайдын Континенттер аралык коммуникация борбору жана “Долон” телеканалы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул документ тараптар ортосунда медиа тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана биргелешкен теледолбоорлорду ишке ашырууга жол ачат
Иш-чаранын алкагында кытайлык делегация Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын студиялары жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө УТРКнын башкы директору Улан Сатиев үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда өтө турган ири эл аралык иш-чараларга токтолду. Ал Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эл аралык коомчулукка кеңири жеткирүүдө Кытай телеканалдары менен кызматташуу башкы багыттардын бири болушу керектигин баса белгиледи.



