2026-жылдын 25-июлунда пландаштырылган ички иш-чараларга байланыштуу Балыкчы пляж – Бишкек багыты боюнча кечки поезд каттамы убактылуу токтотулат.
Ал эми Бишкек – Балыкчы пляж багыты боюнча эртең мененки поезд белгиленген графикке ылайык каттайт.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 26-июлдан тартып бардык поезддердин кыймылы кайрадан бекитилген график боюнча кадимки тартипте жүргүзүлөт.
Ишкана жүргүнчүлөрдөн убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.