КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) айрым сертификаттарында техникалык ката кеткенин маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, ЖРТны өткөргөн көз карандысыз уюм — Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борбору (ББОУББ) тарабынан сертификаттарды даярдоо учурунда айрым документтердин төмөнкү бөлүгүндө 2026-жылдын ордуна жаңылыш түрдө 2025-жыл көрсөтүлгөн.
Белгиленгендей, бул ката жалаң техникалык мүнөзгө ээ жана тестирлөөнүн жыйынтыгына, абитуриенттин топтогон упайына, сертификаттын аныктыгына, конкурска катышуусуна же «Абитуриент онлайн» порталы аркылуу жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алынышына эч кандай таасирин тийгизбейт.
Абитуриенттердин укуктарын коргоо жана кабыл алуу процессинде тоскоолдуктарды болтурбоо максатында министрлик жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кабыл алуу комиссияларына техникалык катасы бар ЖРТ сертификаттарынын түп нускаларын кабыл алууга уруксат берди.
Бул боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр бардык билим берүү уюмдарына жөнөтүлгөн. Кабыл алуу комиссиялары мындай сертификаттарды эч кандай чектөөсүз кабыл алууга милдеттүү.
Кабыл алуу өнөктүгү аяктагандан кийин техникалык ката кеткен сертификаттар билим берүү уюмдары тарабынан ББОУББга өткөрүлүп берилип, алардын аныктыгы кайра текшерилет жана туура жыл көрсөтүлгөн жаңы сертификаттар акысыз алмаштырылып берилет.
Министрлик абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин тынчсызданбоого чакырып, сертификаттагы техникалык ката документтерди кабыл алуудан баш тартууга, конкурска катыштырбоого же окууга кабыл алуудан баш тартууга негиз боло албай турганын белгиледи.