Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы тоо-кен компанияларын, атап айтканда, “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсын жана “Эти Бакыр Терексай “ ЖЧКсын лицензиялоого чейинки текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда текшерүүнүн максаты кооптуу өнөр жай объектисин калдыктарды сактоочу жайды иштетүүдө экологиялык, техникалык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мыйзамдардын сакталышын, ошондой эле долбоордук- уруксат берүүчү, лицензиялоочу жана нормативдик-техникалык ченемдик документтердин болушун камсыз кылуу болгон.
Лицензиялоого чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Комиссия калдыктарды сактоочу жайдын иштешинде бир катар мыйзам бузууларды аныктады, лицензиялык жана уруксат берүүчү документтер жок болгондуктан, тиешелүү чаралар көрүлөт.
Ошондой эле, кооптуу өнөр жай калдыктарын жайгаштыруучу жайларды инвентаризациялоо жана Кыргыз Республикасынын калдыктар кадастрын актуалдаштыруу максатында, иш сапардын алкагында, калдыктарды сактоочу жайлардан тышкары, тоо тектеринин калдыктары, өнөр жай полигондору, техногендик түзүлүштөр, анын ичинде консервацияланган объектилер, ошондой эле аталган тоо-кен казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында пайда болгон калдыктардын көлөмдөрү да каралды.
Министрлик бул багыттагы ишин күчөтөт жана бардык тоо-кен компанияларын лицензияланууга тийиш болгон объектилердин ишин өз убагында лицензиялоону, Кыргыз Республикасынын экологиялык жана лицензиялык-уруксат берүү мыйзамдарынын талаптарын сактоону суранат.