Кочкор: Сел сегиз миллион сом зыян келтирди
Новость

Жаандан улам жүргөн кыяндан  Кочкор районунун Ормон Хан айыл өкмөтүндө бир нече өзгөчө кырдаал катталып, андан 8 миллион  260 миң сом зыян келтирилди. Мындан тышкары Көл-Үкөк жайлоосундагы чабандын 13 баш кой-эчкиси дайынсыз жоголгон. Ал эми Сары-Булак айылында бир турак үй менен сарайды суу каптап, үй ээси 500 миң сом зыян тарткан. 

Эске салсак, 1-5-июлга чейин жааган жаандан улам коктулардан түшкөн сел суулары  Кара-Саз айылында тогуз, Исакеев айылынын Көл-Үкөк жайлоосуна, айдоо аянттарга, сарайларга баруучу төрт көпүрөнү алып кеткен.  Семиз-Бел айылындагы  20-25 метр лоток жараксыз абалга келген.