Нарын шаарында 467 миллион сомго Маданий борбор курулууда
Новость

Нарын шаарында  “Нарын реновация” программасынын алкагында Нарын шаарында маданият мекемелеринин башын бириктирген “Маданий борбор” курулуп жатат. 

Жер төлөсү менен төрт кабат имарат 467 миллион сомго салынып, каржы Президенттин турукташтыруу фондунан каралган. Курулуш Президенттин иш башкармалыгы тарабынын жүргүзүлүүдө.

Имаратка облустук музей, облустук, райондук жана шаардык китепканалар, маданият бөлүмдөрү жана кинодирекция жайгашат. Аны менен катар эле туристтердин, калаага келген коноктордун жана жергиликтүү элдин эс алуусу үчүн жакшы шарттар түзүлүп, кинотеатрлар дагы болот. Ошондой эле айланасы жашылдандырылып, орундуктар орнотулат.