Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган "Социалдык контракт" программасын ишке ашырууну улантууда.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында өлкө боюнча 7 042 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү. Программанын басымдуу бөлүгү айыл чарба багытындагы долбоорлорго туура келет.
"Социалдык контракт" программасы Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан тартып ишке ашырылып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өз ишин баштоого, туруктуу киреше булагын түзүүгө жана жашоо деңгээлин жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүп келет.
Алгач мамлекеттик колдоо 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тартып анын көлөмү 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Программа жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Алгачкы катышуучулардын ичинен 15 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан.
Долбоордун катышуучуларынын көпчүлүгүн айыл жеринде жашаган аялдар түзөт.
2026-жылы программага 13 334 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө катыша алат. Алардын ар бири бизнес-долбоорун ишке ашыруу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз мамлекеттик колдоо алышат.
Мындан тышкары, министрлик "Социалдык контракт" долбоорунун катышуучулары үчүн пайызсыз насыя берүү программасын да ишке ашырууда. Жыл башынан бери 150 адам жеңилдетилген насыя алып, өз ишкердигин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Учурда "Социалдык контракт" программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда. Кененирээк маалыматты жарандар жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарынан ала алышат.