Балыкчы – Кочкор жаңы темир жолунда акыркы даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Поезддердин коопсуз жана үзгүлтүксүз кыймылын камсыздоо максатында жаңы темир жол тилкесинде алгачкы жолу заманбап ВПО-С үлгүсүндөгү атайын техника колдонулууда. Анын жардамы менен темир жол түздөлүп, шпалдар тапталып, жолдун акыркы бүтүрүү иштери аткарылууда. Аталган техника "Казакстан темир жолу" акционердик коому тарабынан убактылуу пайдаланууга берилген.
Адистештирилген техника темир жолдун геометриялык тактыгын камсыздап, жолдун туруктуулугун жогорулатууга жана курулуш иштерин сапаттуу бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул жаңы темир жол линиясын куруунун акыркы баскычтарынын бири болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, Балыкчы – Кочкор темир жолунун жалпы узундугу 63,4 чакырымды түзөт. Учурда аталган тилкенин курулушу жана Кочкор темир жол бекетинин эки кабаттуу имаратынын курулушу соңуна чыгып калды. Жаңы темир жол пайдаланууга берилгенден кийин поезддердин коопсуз жүрүшү камсыздалып, аймактын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү күтүлүүдө.


