Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Франция Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай менен жолугушуп, саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулады.
Жолугушууда медициналык кадрларды даярдоо, алдыңкы тажрыйба алмашуу, заманбап медициналык технологияларды жайылтуу жана эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Дамир Осмонов эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга, ата мекендик адистердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө жана дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды улуттук саламаттык сактоо системасына киргизүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Өз кезегинде Элчи Николя Фай Франция КРсы менен саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун алкагында кызматташтык тууралуу меморандумдун негизинде Францияда квалификациясын жогорулаткан Улуттук госпиталдын төрт дарыгерине сертификаттар тапшырылды. Алар оториноларингология, неврология, эндокринология жана офтальмология адистиктери боюнча окуудан ийгиликтүү өтүштү.
Ошондой эле тараптар Париждин университеттик ооруканалары (AP-HP) менен кызматташууну кеңейтүү маселесин талкуулап, академиялык жана кесиптик алмашууларды күчөтүү, медицина кызматкерлери үчүн стажировкаларды уюштуруу жана биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жаңы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду даярдоо маселесин карашты.
Жолугушуунун соңунда эки тарап тең кыргыз-француз кызматташтыгын мындан ары бекемдеп, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана саламаттык сактоо тармагына алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүүгө багытталган иштерди улантууга даяр экенин белгилешти.









