Ысык-Көлдө кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгы талкууланат
Новость

5–7-август күндөрү Ысык-Көл облусунда VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди.

Форум эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн, ишкерлерди, инвесторлорду жана эл аралык эксперттерди бириктирген ири аянтча болот. Анда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, өндүрүш, өнөр жай, логистика, энергетика жана башка стратегиялык багыттар боюнча биргелешкен долбоорлор талкууланат.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын алкагында эки мамлекеттин бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана келечектүү инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Форумга катышуу үчүн алдын ала каттоодон өтүү талап кылынат. Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын экономикалык кызматташтыгын чыңдоого багытталган маанилүү аянтчалардын бири катары бааланууда.