Энергетика министрлиги BCG менен кызматташтыкты талкуулады
Новость

 Энергетика министри Алтынбек Рысбеков дүйнөлүк консалтинг компаниясы Boston Consulting Group (BCG) өкүлдөрү менен жолугушуп, энергетика тармагындагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулады.

Жолугушууда BCG компаниясынын өкүлдөрү ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы эл аралык тажрыйбасы менен бөлүшүп, тармакты башкаруунун заманбап ыкмаларын сунушташты.

Тараптар Кыргызстандын энергетика тармагындагы капиталдык долбоорлорду коштоо, энергетикалык инфраструктураны жаңылоо, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды түзүү жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Алтынбек Рысбеков энергетика өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндөгү негизги тармактардын бири экенин белгилеп, стратегиялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүү маанилүү экенин айтты.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара диалогду улантып, энергетика тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлор боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.