2026-жылдын 14-июлунда өлкөдө айыл чарба тармагындагы лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрүн комплекстүү баалоо боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү.
Жыйында жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, лабораториялардын учурдагы абалы жана алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу баалоо боюнча аткарыла турган иштер талкууланды.
Мындан тышкары, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, эл аралык стандарттарга шайкештикти камсыздоо жана тармактагы заманбап талаптарды ишке ашыруу боюнча сунуштар каралды.
Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү өз сунуш-пикирлерин билдирип, алар боюнча кеңири талкуу жүргүзүлдү. Жыйынтыгында тиешелүү протокол кабыл алынып, мамлекеттик органдарга жана жумушчу топтун мүчөлөрүнө белгиленген мөөнөттөрдө аткарылууга тийиш болгон конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.
Белгиленгендей, жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында айыл чарба тармагындагы лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрүн комплекстүү баалоо жүргүзүлүп, аларды модернизациялоо жана тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү сунуштар даярдалат.