Москва районунун Ак-Суу капчыгайында курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан инвестицияларды тартуу жана аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында даярдалган.
Долбоор деңиз деңгээлинен болжол менен 2 миң метр бийиктикте жайгашып, 200 орунга ылайыкталган көп функционалдуу мейманкана комплексинин курулушун камтыйт.
Эскиздик долбоорго ылайык, комплекстин курамына үч мейманкана корпусу, төрт апарт-отель, тогуз өзүнчө коттедж, тогуз конок үйү, альпинизм борбору бар спорттук комплекс, универсалдуу спорт залы, балдар борбору жана термалдык аймагы менен заманбап SPA-борбор кирет.
Министрликтин маалыматына караганда, долбоорду иштеп чыгууда тоолуу аймактын рельефи, климаттык шарттары, инженердик инфраструктуранын талаптары жана курулуш объекттеринин жаратылыш ландшафты менен шайкеш жайгашуусу эске алынган.
Долбоор ишке ашкан учурда Ак-Суу капчыгайынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, ички жана тышкы инвестицияларды тартууга, ошондой эле заманбап, экологиялык талаптарга жооп берген эс алуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.










