Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Ысык-Көл жана Баткен облустарынын ортосунда түз авиакаттам аткарылды. Бул тууралуу “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-июлда авиакомпания Тамчы - Баткен -Тамчы багыты боюнча биринчи түз каттамын ийгиликтүү ишке ашырып, өлкөнүн жарандык авиациясынын тарыхында жаңы барак ачты.
Жаңы каттам Баткен облусунун тургундарына транзитсиз жана узак жол жүрбөстөн Ысык-Көлгө жетүүгө мүмкүнчүлүк түзсө, Ысык-Көлдүн жашоочулары Баткенге кыска убакытта учуп бара алышат.
Белгиленгендей, бул багыт өлкөнүн транспорттук байланышын чыңдоого, ички туризмди өнүктүрүүгө жана аймактар аралык жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган маанилүү долбоор болуп саналат.
Жайкы туристтик сезон учурунда Тамчы - Баткен - Тамчы каттамы жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү аткарылат. Бир тарапка билеттин баасы 6 миң 500 сомдон башталат.









