КРнын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, кореялык инвестицияларды тартуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Равшанбек Сабиров Кыргызстанда инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча укуктук механизмдер, мамлекеттик кепилдиктер жана инвестициялык ишмердүүлүктү колдоо чаралары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле инвесторлорду коштоонун заманбап инструменттери, анын ичинде «бирдиктүү терезе» принциби иштеп жатканын белгилеп, өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес жүргүзүү үчүн ачык-айкын шарттарды түзүү багытындагы реформалар менен тааныштырды.
Анын айтымында, Кыргызстан түштүк кореялык инвесторлор үчүн ачык жана заманбап технологияларды тартууга, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдей турган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.
Өз кезегинде Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже корей тарап Кыргызстан менен инвестициялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын кызматташтыгынын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу инвестициялык кызматташууну мындан ары чыңдоого жана биргелешкен инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты.


