19-июлда Бишкек шаарында өтө турган массалык маданий иш-чараларга байланыштуу борбордук көчөлөрдүн айрым бөлүктөрүндө убактылуу унаа кыймылына чектөө киргизилет.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, саат 19:00дөн тартып Чүй проспектинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Ошондой эле Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү Чүй проспектинен Эмгек даңкы аянтына (Тарых музейинин арты) чейин унаа кыймылы үчүн убактылуу жабык болот.
Чектөө футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин чоң LED-экран аркылуу түз көрсөтүү, ошондой эле күйөрмандар үчүн концерттик жана көңүл ачуучу программаларды өткөрүүгө байланыштуу киргизилүүдө.