17-июль - Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын аппараттык кеңешмесинин жүрүшүндө «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында эки реформаны ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгарды.
Министрлер Кабинетинин башчысы быйыл ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган 9 реформа башталганын белгиледи. Алардын экөө боюнча коюлган максаттарга толугу менен жетишилди, бүгүн дагы эки реформанын жыйынтыктары чыгарылды. Тактап айтканда, КРнын баалуу кагаздар рыногунда кардарлардын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул реформанын негизги максаты -КРнын жарандарына жана чет элдик жарандарга баалуу кагаздар рыногунун финансылык инструменттерине аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.
Брокердик эсепке аралыктан ачууда кардарды идентификациялоо жана верификациялоо процедурасынан өтүү убактысы санариптик идентификацияны, мамлекеттик маалымат системалары менен интеграцияны жана маалыматтарды текшерүүнү автоматташтыруу аркылуу болжол менен 2 күндөн (брокердин кеңсесине физикалык баруу менен) 15 мүнөткө (брокерге физикалык барбастан) кыскартылды.
Мындан тышкары, санитардык китепчени (жеке медициналык китепче) тариздөө процесси жөнөкөйлөштүрүлдү. Санариптештирүү санитардык китепчени тариздөө мөөнөтүн 8 күндөн 4 жумушчу күнгө чейин кыскартууга, баруулардын санын 5тен 2ге чейин азайтууга, санитардык китепчелерди жасалмалоо тобокелдигин төмөндөтүүгө, ошондой эле жарандар, иш берүүчүлөр, медициналык уюмдар жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органдар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берди.
«Мамлекеттик органдардын биргелешкен ишинин натыйжасында биз эски кагаз түрүндөгү моделден баш тартып, милдеттүү медициналык кароодон өтүүдөн тартып электрондук медициналык китепчени түзүүгө чейинки бирдиктүү санариптик процессти түздүк. Санитардык китепчени тариздөө мөөнөтү эки эсеге кыскарып, жарандардын медициналык уюмга кайрылуусунун саны азайып, ашыкча кагаз документ жүгүртүү жоюлду жана иш берүүчүлөргө, ошондой эле көзөмөлдөөчү органдарга документтин актуалдуу статусун ыкчам текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген ачык-айкын мамлекеттик реестр түзүлдү», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.
Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, Президенттин Администрациясы менен жогоруда аталган реформаларды ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.






