Кара-Балтага 24 жаңы ISUZU автобусу келет
Новость

Кара-Балта шаарында коомдук транспорт жаңыланат. Бул багытта Өзбекстан-Кыргызстан өнүктүрүү фонду, шаар мэриясы жана "ДСУ г. Кара-Балта" муниципалдык ишканасынын ортосунда лизингдик келишимге кол коюлду.

Келишимдин алкагында шаардык автобус паркын толуктоо үчүн 24 заманбап ISUZU автобусу берилет.

Жаңы автобустардын ишке кириши менен жүргүнчүлөрдү ташуу сапаты жогорулап, шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Долбоор Кара-Балтанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана шаардык каттамдарды жакшыртууга багытталган.