"Чыңгыз Ааламы" комплексинин даярдыгы 70 пайызга жетти
Новость

Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында курулуп жаткан "Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплексинде иштер графикке ылайык жүрүүдө. Учурда объекттин жалпы даярдыгы 70 пайызды түзөт.

Курулуш иштеринин жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жуматаев текшерди.

Долбоордун алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, китепкана, кинотеатр, мейманкана жана башка инфраструктуралык объектилер курулууда.

Комплекстин курулушу 2025-жылы башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.

"Чыңгыз Ааламы" комплекси Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берилип, өлкөнүн маданий мурасын жайылтууга жана Талас облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган.