220 кВ чыңалуудагы «Кара-Балта – Главная» жана «Главная – Шу» электр берүү линияларында авариялык өчүү катталды.
Анын кесепетинен системалык автоматтык жүктү өчүрүү механизми иштеп, айрым аймактарда электр энергиясын берүү убактылуу токтотулду.
Учурда «Улуттук электр тармагы» ААКтын адистери электр менен камсыздоону калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Технологиялык бузулуунун себептери такталууда.