Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, түн ичинде Нарын облусунда жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн күчү Оттук айылында 4 баллга жеткен. Ал эми Казан-Куйган, Жерге-Тал, Кызыл-Жылдыз жана Эчки-Башы айылдарында 3,5 балл, Эмгекчил жана Куйбышев айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2 балл деңгээлинде сезилген.
Учурда ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жана келтирилген зыян боюнча маалыматтарды тактап жатканын билдирди.