Соң-Көлдүн түбүнөн 4 күндө 9,4 чакырым мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды
Новость

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы Соң-Көлдү мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган синтетикалык торлордон тазалоо иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Тапшырманы аткаруу үчүн суучулдар көлдө сутка бою иштеп, эки топко бөлүнгөн. Тазалоо иштери суу үстүндө эмес, көлдүн түбүндө жүргүзүлүп, адистер 9 метрге чейинки тереңдикке түшүп, мыйзамсыз коюлган торлорду алып чыгышууда.

19-июлга карата төрт күндүн ичинде көлдүн түбүнөн жалпы узундугу 9 миң 400 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды.

Министрликтен билдиришкендей, аба ырайынын туруксуздугуна карабастан Соң-Көлдү торлордон тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул иштер көлдүн экосистемасын сактоого жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтууга багытталган.