"Чаарат" кенин өздөштүрүү долбоорун илгерилетүү маселеси талкууланды
Новость

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматында "Чаарат ЗААВ" ЖАКынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү.

Жолугушууда компаниянын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан "Чаарат" кенин өздөштүрүү долбоорунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, аны мындан ары ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын колдоосун талап кылган негизги маселелерге токтолушту.

Өз кезегинде Кыргыз геология кызматы өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында кенди өздөштүрүүгө байланышкан маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар долбоорду жигердештирүү үчүн зарыл болгон конкреттүү чараларды биргелешип иштеп чыгуу жана кызматташууну улантуу боюнча макулдашышты.

Белгиленгендей, "Чаарат" долбоорунун ишке ашырылышы өлкөгө инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.