21-25-июлда сел жана суу ташкыны жүрүү коркунучу бар
Новость

Кыргызгидромет кызматы 2026-жылдын 21-июлунан 25-июлуна чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу жаралат.

Буга байланыштуу жарандарга жана тиешелүү кызматтарга өзгөчө этият болуу, коопсуздук эрежелерин сактоо жана аба ырайына байланыштуу расмий маалыматтарды байма-бай көзөмөлдөп туруу сунушталат.