"Жыргалаң" курортунда медициналык пункт курулууда
Новость

Ысык-Көл облусундагы "Жыргалаң" келечектеги курортунун аймагында медициналык пункттун курулушу жүрүп жатат.

Учурда объекттин пайдубалын арматуралоо иштери жүргүзүлүүдө. Кийинки этапта бетон куюу иштери башталары белгиленди.

Медициналык пункт курорттун алгачкы этапта пайдаланууга бериле турган негизги инфраструктуралык объекттеринин бири болмокчу.

Белгиленгендей, бул объект эс алуучуларга жана кызматкерлерге ыкчам медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзүп, курорттук инфраструктуранын маанилүү бөлүгү болуп саналат.