Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан "Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial" эл аралык рейтингдик турниринде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков алтын медаль жеңип алды.
60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан алгачкы беттешинде америкалык Далтон Робертсти 4:0 эсебинде тушеге жыкты. Андан соң 1/8 финалда Азербайжандын өкүлү Элмир Алиевди 10:0 эсебинде, чейрек финалда египеттик Махмуд Саадды 9:0 эсебинде жеңди.
Жарым финалда өзбекстандык Алишер Ганиевди 9:2 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.
Алтын медаль үчүн беттеште Жоламан Казакстандын балбаны Ернур Фидахметов менен күрөшмөк. Бирок атаандашынын жаракат алганына байланыштуу финалдык беттеш өткөн жок. Натыйжада Жоламан Шаршенбеков рейтингдик турнирдин жеңүүчүсү аталып, алтын медалга ээ болду.
Учурда "Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial" рейтингдик турнири Будапешт шаарында уланууда.
