Бишкектеги №42 мектептин курулушу 48 пайызга аяктады
Новость

Бишкек шаарындагы Ленин районунда жайгашкан №42 мектептин жаңы имаратынын курулушу 48 пайызга аяктады.

Долбоор  Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы мектептин бири болуп саналат. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2026-жылдын март айында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан башталган.

Жаңы мектеп заманбап талаптарга ылайык 384 окуучуга ылайыкталып курулууда. Имараттын жалпы аянты 3 436 чарчы метрди түзөт. Анда окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.

Учурда курулуш аянтчасында 64 жумушчу эмгектенип, дубалдарды кирпич менен тургузуу жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 800гө жакын окуучу билим алат. Долбоор аймактагы мектептердеги орун тартыштыгын азайтууга багытталган.