Жыл башынан бери 3,6 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекеттик колдоого ээ болду
Новость

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери республика боюнча инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү 127 долбоор ишке ашырылды. Аларга 3 643 аз камсыз болгон үй-бүлө же жалпысынан 18 285 жаран катышты.

Долбоорлордун алкагында муктаж үй-бүлөлөргө 1 151 тоннадан ашык азык-түлүк, анын ичинде ун жана өсүмдүк майы түрүндө жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле "Коомдук пайдалуу иштерге (окутууга) катышуунун ордуна азык-түлүк/накталай акча каражаттары"  механизми аркылуу колдоо берилди.

Мындан тышкары, өлкөнүн айрым шаарларында жашаган калктын эң аялуу катмарын колдоого багытталган 36 долбоор накталай акча каражаттарын берүү схемасы боюнча ишке ашырылды. Аларга 1 320 аз камсыз болгон үй-бүлө же 4 782 жаран катышып, жалпысынан 19,1 миллион сом төлөндү.

Министрлик белгилегендей, аталган долбоорлор турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоого, коомдук инфраструктураны өнүктүрүүгө, жарандардын жаңы көндүмдөргө ээ болушуна жана киреше деңгээлин жогорулатууга багытталган.