20-июлда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ак-Суу районундагы Сары-Жаз дарыясы аркылуу өтүүчү "Зайнулин" жана "Ак-Үңкүр" көпүрөлөрүнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, "Зайнулин" көпүрөсүнүн узундугу 76,13 метрди түзөт. Анын сырткы туурасы 5,8 метр, ички туурасы 4,54 метр. Көпүрө үч тирөөчкө орнотулуп, жалпы узундугу 64,2 метр болгон металл конструкциядан курулган. Долбоордун алкагында көпүрөгө алып баруучу жана андан чыгуучу жолдор дагы салынды. Учурда объект толугу менен бүткөрүлүп, айланасын көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми "Ак-Үңкүр" көпүрөсүнүн узундугу 143,26 метрди түзөт. Анын сырткы туурасы 5,8 метр, ички туурасы 4,54 метр. Көпүрө жалпы узундугу 131,06 метр болгон металл конструкциялар менен беш тирөөчтүн үстүнө курулууда. Долбоордо кирүүчү жана чыгуучу жолдорду куруу дагы каралган. Келишимге ылайык, курулуш иштери 2026-жылдын 1-августуна чейин бүткөрүлүшү пландалууда.
Учурда эки объектте тең көпүрөлөрдүн бекемдигин жана узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыздоо максатында коргоочу курулмалар курулуп жатат. Ошондой эле долбоордук-сметалык документтер Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерине ылайык даярдалып, архитектуралык-шаар куруу корутундусун алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн.
Адылбек Касымалиев курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өлкө аймактарындагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.
Белгиленгендей, Сары-Жаз аймагындагы транспорттук инфраструктуранын өнүгүшү 180 миң гектардан ашуун жайыт жерлерин натыйжалуу пайдаланууга, аймактын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана жергиликтүү калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.










