Бишкекте муниципалдык автобус катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө аяктап, кадрдык чечимдер кабыл алынды
Новость

Бишкек шаарында муниципалдык автобус катышкан жол кырсыгы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, бир катар жетекчилерге карата кадрдык чечимдер кабыл алынды.

Маселе Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде каралды. Жыйынга Октябрь районунун прокурору, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле транспорт тармагын жетектеген жетекчилер катышты.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбеков кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырып, комиссия транспорт комплексинин ишин көзөмөлдөөнү уюштурууда бир катар кемчиликтерди аныктаганын билдирди. Анын айтымында, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчилигинин жана "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын ишинде кемчиликтер аныкталган.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев негизги максат күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу менен гана чектелбестен, кырсыктын келип чыгышына шарт түзгөн системалык себептерди аныктап, аларды жоюу экенин белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында транспорт комплексиндеги көзөмөлдү күчөтүү, электрондук жол баракчасын киргизүүнү тездетүү жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй кадрдык чечимдер кабыл алынды:

  • Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевге катуу сөгүш жарыяланды;
  • Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш берилди;
  • Департаменттин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков ээлеген кызматынан бошотулду;
  • "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров кызматынан алынды.

Ошондой эле Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директоруна Талантбек Капаровго байланыштуу мындан аркы кадрдык маселелерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кароо тапшырылды.