20-июлда 10126 аскер бөлүгүнүн саптык аянтында КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын түзүлгөнүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен ачылып, ага аскер кызматчылар, ардагерлер жана чакырылган коноктор катышты.
Салтанаттуу жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Тариэль Отонбаев куттуктоо сөз сүйлөп, Улуттук гвардиянын өздүк курамын жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал гвардиячы аскер кызматчылар бүгүнкү күндө да аскердик милдетти үлгүлүү аткарып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башка жоокерлери үчүн өрнөк болуп келе жатканын белгиледи. Ошондой эле ал өлкөнүн аскердик коопсуздугун чыңдоодо күжүрмөн даярдыкты жана аскердик чеберчиликти мындан ары да өркүндөтүүгө ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук гвардиянын мурдагы кол башчылары генерал-полковник Абдыгулов Чотбаев жана генерал-майор Асанбек Алымкожоев да куттуктоо сөздөрүн айтып, өз каалоо-тилектерин билдиришти.
Расмий бөлүктөн кийин Ардак кароол ротасы курал менен саптык ыкмаларды көрсөтүп, атайын багыттагы бөлүктүн жоокерлери кол кармаш урушунун ыкмаларын аткарышты. Ошондой эле аскер кызматындагы айымдардын саптык даярдык боюнча көрсөтмө чыгышы жана Улуттук гвардиянын Аскердик оркестринин дефилеси көрүүчүлөргө тартууланды.
Салтанаттуу иш-чара Улуттук гвардиянын өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.
Улуттук гвардиянын 34 жылдыгын утурлай анын аскер бөлүктөрүнүн арасында кичи футбол, волейбол, АК-74 автоматын жана Макаров тапанчасын атуу, ошондой эле аркан тартыш боюнча спорттук мелдештер уюштурулду.
Жалпы командалык эсеп боюнча:
- 1-орун - 10126 аскер бөлүгү;
- 2-орун - 10128 аскер бөлүгү;
- 3-орун - 10127 аскер бөлүгү.
Мелдештердин жеңүүчүлөрүн Улуттук гвардиянын кол башчысы, гвардиянын полковниги Данияр Исаков дипломдор жана эстелик белектер менен сыйлады.





