Кыргызстандык окуучу химия боюнча 58-эл аралык олимпиадада коло медаль жеңип алды
Новость

"Аалам" эл аралык (AIMS Razzakov) мектебинин 12-классынын окуучусу Эрмек Саматов Химия боюнча 58-эл аралык олимпиадада (International Chemistry Olympiad, IChO) коло медаль жеңип алды.

Билим таймашы 2026-жылдын 10–19-июль күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өтүп, ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген эң мыкты окуучулар катышты. Олимпиаданын жүрүшүндө катышуучулар химия боюнча теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Эрмек Саматовдун ийгилиги Кыргызстандын окуучуларынын эл аралык деңгээлдеги даярдыгын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди.

Кыргызстандын курама командасын профессор Тынчтык Аматов, Эльбрус Тажибаев, Иван Решетников жана Максатбек Кахраманов даярдап, олимпиада учурунда жетекчилик кылышты.

Бул жетишкендик өлкөнүн билим берүү тармагындагы дагы бир маанилүү ийгилик болуп, жаш таланттарды илимге кызыктырууга жана эл аралык олимпиадаларга даярдоонун жогорку деңгээлин көрсөттү.

750428069_2489051501592321_655839887975454923_n.jfif 124.73 KB