№56 орто мектепте капиталдык оңдоо иштери уланууда
Новость

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан №56 муниципалдык орто жалпы билим берүү мектебинин имаратын капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Аталган мектеп 1971-жылы курулуп, 800 окуучуга ылайыкталган. Ал эми окуучулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу 1989-жылы негизги имаратка кошумча 600 окуучуга эсептелген окуу корпусу салынган.

Учурда объектте демонтаждоо иштери, ага чектеш аймакты кайра пландоо, имараттын фасадына металл негиздерин орнотуу жана башка курулуш-монтаж иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордун алкагында мектепке комплекстүү капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, окуучулар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү шарттары түзүлөрү белгиленди.

Курулуш иштерин "Евразия Строй" ЖЧКсы аткарууда.